Бүгүнкү күндө республикада 40,2 миӊ тонна минералдык жер семирткич бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында жазылат.
Анда айтылгандай, Өзбекстанда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын баасы 1 килограммы 28-30 сом, карбамид 36-38 сомдон сатылууда. Ал эми түндүк аймактарда аммиак селитрасы килограммы 30-32 сом, карбамид 38-40 сомдон сатылып жатат.
Учурдагы баа былтыркы, 2022-жылга салыштырмалуу 20-25 пайызга арзан экени айтылат.