Бишкектеги К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эл аралык “Славян базары” искусство фестивалынын алкагында өткөн XXI Эл аралык “Витебск 2023” балдар музыкалык сынагынын тандоо турунун финалы болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 12-мартта болуп, анын ачылышына Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Сергеевич Страчко катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Тандоо туру өлкөнүн булуң-бурчундагы таланттуу жаш аткаруучуларды аныктоого жардам берди. Алдын ала онлайн кастингге жөнөтүлгөн 42 видео арыздын ичинен финалга Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан 13 мыкты талапкер тандалып алынган.
Калыстар тобу 2-турда катышуучулардын өнөрлөрүн карап чыгып, бир добуштан 9 жаштагы Насыйкат Баймырзаеваны жеңүүчү деп табышты. Ал өзүнүн мыкты аткаруусу жана тунук үнү менен калыстар тобунун гана эмес, бүткүл көрүүчүлөрдүн да жүрөгүн багынтып, Витебсктеги "Славян базары” фестивалына Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Ал эми жаш таланттардын өнөрүн композитор Муратбек Бегалиев, ырчылар Асель Турдалиева, Юлия Руцкая, Жийдеш Идирисова, Кайрат Примбердиев жана Бек Исраиловдон турган калыстар тобу баалашты.