Кыргызстандык студенттер Сербияда гранттык негизде билим ала алышат. Бул тууралуу макулдашууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сербия мамлекетиндеги иш сапарында жетишилди.
Маалыматка ылайык, Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө "Сербиядагы тынчтык" программасы боюнча кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык квота бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди.
Студенттер толук гранттык негизде окушмакчы, жатакана жана тамак-ашы да камтылган. Андан тышкары ай сайын 15 миң динар стипендия алышмакчы.
"Тагаев Кыргызстан Сербиянын жаштар борборлорунан алчу тажрыйбалар көп экенин белгилеп өттү.
Сербиянын Жаштар жана туризм министрлиги менен кызматташуу тууралуу келишим түзүү макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары Марат Тагаев жаштардын жана балдардын укугунун корголушу багытында Сербиянын Тең укуктуулукту коргоо комиссары жана Воеводина автономдуу облусунун омбудсмени менен жолугушту.