"Усталарды өзүм багып жатам". Ырчы Айтурган Эрмекова Оштон 2 кабаттуу үй алды

Кыргыз эстрада ырчысы Айтурган Эрмекова Ош шаарынан 2 кабаттуу үй алды. Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн ырчы айымга байланышка чыктык.

"1 ай мурун аянты 5 сотых, 11 бөлмөсү бар, 2 кабаттуу үй алдык. 20 күн мурун курулуш иштери башталып, ал үйдүн жанына 2 бөлмө уладык. Усталарды өзүм багып жатам. Буюрса, күзүндө толук бүтүп калат. Бул биздин үчүнчү ак өргөөбүз. Калган экөөсүн көп кабаттуу үйлөрдөн алганбыз. Кайсы жакта жашаарыбызды убакыт көрсөтөт", - дейт ал.

Эске салсак, Айтурган Эрмекова "Гүлбадан", "Алма, алма" аттуу ырлары менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан