Бир катар тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан маркум Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектелип экинчи адам кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Эске сала кетсек, шоумен Бакыт Букаев үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү батиринде белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Ал эми 24-ноябрь күнү жогорудагы кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Уланбек Худайбердиев кармалган.
"Бакыт Букаевди өлтүрдү" деп шектелип кармалган экинчи адамдын көрсөтмөсү:
Милиция кызматкери (М): - Толук аты-жөнүң?
Элдияр Абдибаитов (Э): - Абдибаитов Элдияр Курсанович.
М: - Туулган жылың?
Э: - 06.04.1980.
М: - Каяктын тургунусуң?
Э: - Ош облусу, Өзгөн району.
М: - Бишкекте кайсы жылдан бери турасың?
Э: - 2012-жылдын бери турам.
М: - Эмне иш кыласың?
Э: - Мегакомфорттогу стоянкада иштедим.
М: - Неге кармалдың?
Э: - Адам өлтүрүү фактысы боюнча.
М: - Кылдың беле?
Э: - Мен кылган эмесмин.
М: - Ким кылды эле?
Э: - Жанымдагы Улан аттуу шеригим кылган.
М: - Айтып берчи, кандай болду эле?
Э: - Улан кирип өлтүрүп чыккан, кийин мени чакырган, анан кеткенбиз.
М: - Каяка кеттиңер эле?
Э: - Үйүнө.
М: - Аны менен эмне болуп жолугуп калдыңар эле?
Э: - Улан менен жолугуп калдык, ал бир жерге барабыз деди. Бардык, анан ошол жерге кирип телефон, ноутбук көтөрүп чыкты.
М: - Дагы эмнелерди көтөрүп чыкты?
Э: - Болду, ошолорду эле көтөрүп чыкты.
М: - Сен кирген эмес белең?
Э: - Мен өлтүргөндө жок элем, кийин киргем.
М: - Өлтүрүп жатканда сен кайда элең?
Э: - Мен эшикте элем.
М: - Эмне кылып жаттың эле эшикте?
Э: - Эшикте олтурганмын.
М: - Карап тур деди беле?
Э: - Жок, мен өзүм эшикте олтургам.
М: - Мурда соттолдуң беле?
Э: - Ооба, 97-берене менен.
Ал эми "Бакыт Букаевди өлтүрдү" деп шектелип кармалган Улан Худайбердиевдин көрсөтмөсү бул жакта...