Кытай кыргызстандыктарга кайрадан виза бере баштады

Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз жарандары үчүн Кытай визасын жол-жоболоштуруунун тартибин жаңылоо боюнча Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жарандардын жүрүүсүн андан ары жеңилдетүү максатында 2023-жылдын 15-мартынан тартып Кытайдын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсү үчүн аталган өлкөнүн визалык саясатына төмөнкүдөй түзөтүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган:

- 2023-жылдын 15-мартынан тартып 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген жана дагы эле жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде болгон визалардын кирүү функциясы калыбына келтирилди (үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан баштап, 2020-жылдын 28-мартына чейин мөөнөтү бүтө элек виза менен КЭР аймагына кирүү болот);

- КЭР визасын берүүчү Кытай Эл Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кытай Эл Республикасына бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга визанын бардык категорияларын кароону жана берүүнү кайра жандандырат.

Ошону менен бирге, Министрлик кытай тарап менен Кытай Эл Республикасынын айдоочулук визасын алууга арыз берүү үчүн электрондук кезекке катталууга орундардын санын көбөйтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканын белгилейт.

Министрлик, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өзгөчө көңүлүн бурат – ортомчулук түзүмдөрдүн тигил же бул категориядагы визаларды алууда ортомчулук кызматтарды көрсөткөн айрым адамдардын мыйзамсыз иштери жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан