Кум үстүндө ойнолуучу футбол боюнча Кыргыз курамасы Таиланддын Паттайя шаарында өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында Оман менен кез келип, ири эсепте жеңилүү ызасын тартып калды.
Оюн бүгүн, 17-мартта өттү. Анда Оман курамасы Кыргызстанды 7:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Оман курамасы тайпадагы алгачкы үч упайын алып биринчи орунга чыкса, Кыргыз курамасы төртүнчү орунга жайгашты.
Оман курама командасы 2015-жылы Азия чемпиону, 2011-жылы турнирдин финалисти, ошондой эле 2009 жана 2019-жылдары коло медалдын ээси болгон.