Гаагадагы эл аралык сот Владимир Путинди камакка алууга ордер берди

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын балдардын укуктары боюнча акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берди. Мындай маалымат соттун расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, Путин менен Львова-Белова "Украинанын оккупацияланган аймактарынан Орусия Федерациясынын аймагына калкты (балдарды) мыйзамсыз депортациялоо менен байланышкан согуш кылмыштары үчүн жооптуу" деп айтылат.

"Путин мырза жогоруда аталган кылмыштар үчүн түздөн-түз, башкалар менен биргелешип же башка адамдар аркылуу аракеттерди жасагандыгы үчүн, ошондой эле жарандык жана аскерий кол алдындагыларга тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн жекече кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп айтууга жүйөлүү негиздер бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөө комиссиясы украиналык балдарды Орусияга алып кетүү согуш кылмышы катары каралышы мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан