Кечээ, 17-март күнү Семён Чуйков атындагы арт-галереясында кол өнөрчү Нагима Аламанованын жана анын шакирттеринин "Илме" аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Көргөзмөдө керамикалык чыгармалар жана уникалдуу автордук саймалар орун алган.
Бул долбоордун концепциясы кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салтын сактоо жана жайылтуу идеясын билдирүүгө негизделген. Көргөзмөнүн концептуалдык башкы мааниси саймачылык өнөрдүн, анын салттык түрлөрүнүн, аткаруу ыкмаларынын, оймо-чиймелеринин жана колориттик өзгөчөлүктөрүнүн сакталышына, муундан-муунга өткөрүлүшүнө багытталган.
SUPER.KG порталы "Илме" көргөзмөсүндөгү көз жоосун алган эмгектерден сүрөт баян тартуулайт.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмө 30-мартка чейин көрүүчүлөрдү кабыл алмакчы.