Владимир Путин Мариуполь шаарына барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Мариуполь шаарына иш сапары менен барганын Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен "Интерфакс" жазды.

Маалыматка ылайык, Путин шаарга тик учак менен барып, бир нече райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Бул мамлекет башчынын Донбасска биринчи сапары.

Мариуполь шаарындагы Невский кичи районунда Путин үй-бүлөлөрдүн биринин чакыруусу менен алардын үйүнө барган. Президент ошондой эле шаардагы тарыхый жерлерди текшерип чыккан.

Кийинчерээк Кремль Путин Ростов-на-Донудагы атайын аскердик операциянын командалык пунктунда да жолугушуу өткөргөнүн кабарлады. Бул Мариуполго барганга чейинби же андан кийинби тактала элек.

Мариуполь - 2022-жылы күзүндө Орусия тарабынан аннексияланган Донецк Элдик Республикасындагы шаар. Шаар май айында узакка созулган салгылашуулардан кийин орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан