Кечээ, 18-мартта Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө "Канжар-Х" атайын багыттагы отрядынын кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Машыгуунун активдүү фазасында тоодогу мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддор көрсөтүлдү.
Эки мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүктөрдүн бул биргелешкен машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт жана өткөн жылы машыгуулар Индияда өткөн.