Түндүк Кореяда бир күндө 800 миң аскер АКШ менен согушууга кол койду

Түндүк Кореянын жүз миңдеген жарандары АКШга каршы потенциалдуу согушка катышууга даяр экендиктерин билдиришти. Жума күнү эле Пхеньяндын куралдуу күчтөрүнүн катарына 800 миң адам кошулду же кайра катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Корея бийлиги мунун себеби катары учурда уланып жаткан АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуулары экенин билдирген. Түндүк Корея бул машыгууну чектен ашты деп эсептейт.

АКШ менен Түштүк Корея Пхеньяндын катаал эскертүүлөрүнө карабай жыл башынан бери бир катар аскердик машыгууларды өткөрүшүүдө.

Дүйшөмбү күнү шериктештер ири аскердик маневрлерди башташты. 11 күндүк машыгуу 2017-жылдан бери көрүлбөгөн масштабда өтүп жатат жана анда талаа машыгуусунан баштап деңиз машыгуусуна чейин бар.

Өз кезегинде буга жооп кылып Түндүк Корея ракета сыноолорун күчөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан