
Баткен шаарынан чек арага жакын Ак-Сай айылына мындан ары күн сайын бекер кичи автобус каттайт. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады.
"Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен Баткен районунун Аксай айылынын тургундары үчүн акысыз маршруттук каттам уюштурулду. Буга чейин Аксай айылынын жашоочулары облус башчысына аталган маселе боюнча кайрылышкан", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40та Баткен-Аксай, ал эми кечинде саат 17:00дө Аксай-Баткен боюнча акысыз жүргүзүлөт.