Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Ага ылайык, президенттин талабы боюнча ЖКККББнын өздүк курамында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милициянын кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери жүрүүдө. Бул чаралар кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына карабастан аёосуз катуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.
"Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да, Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ мындай аракеттерге барган айдоочуларга 30 миңден 50 миң сомго чейинки айып пул жазуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралганын белгиледи.