Таласта 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-март күнү Талас районунун Арал айылынын тургуну Талас ОИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал 27-январь күнү саат 14:00 чамасында 2009-жылы туулган небересин "Б" аттуу айылдашы өзүнүн ак түстөгү автоунаасына салып кетип, күч колдонуп эркине каршы зордуктап койгонун билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Арал айылынын 2001-жылы туулган Т. уулу.Б. аттуу тургуну кармалып, тергөө абагына киргизилгени айтылат.