"Чоң мотивация болду". Ырчы Темир Дамирбеков маданияттын мыкты кызматкери болду

Ырчы Темир Дамирбеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн ырчы мырзага байланышка чыктык.

"Сыйлыкты күтпөгөн жерден алдым. Азыр дагы кубанып жүрөм. Алгач эле үйдөгүлөргө, досторума сүйүнчүлөдүм. Бул сыйлык мындан ары иштөөгө чоң мотивация болду. Эми эки эселеп иштеп, "Эмгек сиңирген артист" наамын алууга аракет кылабыз", - дейт ал.

Темир Дамирбеков "Ким сени мынча алдаган?", "Таттуу, таттуу", "Ыйлаба" аттуу ырлары менен таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан