Ички иштер министрлиги кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бул Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган чара", - деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин ички курамы 20-мартта жана 21-мартта толугу менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Эл көп чогулган жерлерге, коомдук жайларга жана стратегиялык маанилүү жайларга өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Майрам күндөрү коомдук коопсуздукту республика боюнча 11 миң милиция кызматкери камсыздайт.