Эмгек министри: "Кыргызстанда жумушчуларга тартыштык бар"

Кыргызстанда жумуш орундарында тартыштык жок, бирок жумушчуларга тартыштык бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош шаарындагы "Кыргыз Текстиль ЛТД" фабрикасында өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
"Эмгек министрлиги Билим берүү министрлигинин системасындагы 99 кесиптик лицей менен келишим түздү, анын ичинен 71 лицей 125 жумушчу кесип боюнча адистерди даярдайт. Биздин ведомство өлкөнүн ишканаларына жумушчуларды уюштуруучулук топтоо менен активдүү алектенүүгө ниеттенүүдө, тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөдө жумушчу колдорго суроо-талап чоң, бирок иштөөгө даяр адистердин жетишсиздиги сезилип жатат.
Сиз жана биз келечекте 2000 жаран иштей турган фабрикадабыз, учурда өндүрүш 1000 адамды ишке орноштура алат. Бирок жумушчу колдун жоктугунан кадрларга болгон муктаждык 530 орунду түзөт жана мындай мисалдар өлкө боюнча көп. Ошол эле учурда мындай ишканалардын айлык акысы 25 миң сомдон 60 миң сомго чейин", - деди министр.
Министрликтен билдиргендей, жумушчу кеңешмеде региондук деңгээлде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча маселелер талкууланды.
Ош шаарындагы 113 кесиптик лицейинин директору кеңешменин катышуучуларына "Кыргыз Текстиль ЛТД" фабрикасы менен кош негизде тигүүчүлөрдү окутуу боюнча биргелешкен ишти сунуштады.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусундагы саясий өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, борбордук аппараттын кызматкерлери жана эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан