"Жүрөгүм ооруп үйгө кайтчумун". Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү Жоржина Родригес 3 ирет боюнан түшүп калганын айтып чыкты

Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун 29 жаштагы сүйүктүүсү Жоржина Родригес Netflix реалити-шоусунун экинчи сезонуна даярданып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, экинчи сезондо Родригес оор кош бойлуулугу жана эгиз балдарынын биринин чарчап калганы жана 3 ирет боюнан түшүп калгандыгы тууралуу сөз кылары айтылууда. Өткөн жылдын апрель айында жылдыздуу түгөйлөр эгиз күтүп жатышкан, бирок алардын кызы Белла Эсмеральда гана аман калып, анын эгизи Энджел чарчап калган. Жоржина маектеринде акыркы кош бойлуу кезинде УЗИге барган сайын коркуп жүргөнүн айткан: “Эгиздерим боюма бүтө электе үч ирет боюмдан түшүп калды. Дайыма жүрөгүм ооруп үйгө кайтчумун” деген.

Родригестин айтымында, Роналду экөө бир топ убакытка чейин улуу балдарына инисинин өлүмү тууралуу айтышкан эмес. “Менин бир аз курсагым бар болгондуктан "анын төрөлүшүнө убакыт бар" деп койгом. Бирок убагы келгенде Криштиану аларга наристебиз асманда экенин айтып түшүндүрдү" дейт ал.

Криштану Роналду кызы Белла Эсмералда

Криштиану дагы жаңы төрөлгөн уулунан ажыраганын оор кабыл алган. Футболчу социалдык тармактарга: “Кызыбыздын төрөлүшү гана бизге бакыт, күч берип жатат... Балабыз, сен биздин периштебизсиң. Биз сени түбөлүккө жакшы көрөбүз” деген билдирүүсүн калтырган.

Эске салсак, Роналду менен Родригес 2016-жылдан бери чогуу. 2017-жылы ноябрда Алана Мартина аттуу кыздуу болушкан. Ошондой эле футболчунун карын энеден үч баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан