Ош облусунун Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Футбол аянтчасынын курулушу жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн.
Аянтчага былтыр 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда мекен коргоп баатырларча курман болгон УКМКнын чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн улук мээлөөчүсү, кенже сержант Мирлан Ниязовдун ысымы берилди.
Мирлан Ниязов 1987-жылы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган. Ал 8 жылдан бери аскер кызматкери катары Баткен облусунун "Чарбак" чек ара тозотунда мээлөөчү оператор болуп эмгектенип келген. Ага "Достук" чек ара бекетинде ок тийип, мойнунун эки жерин тешип кеткен. Артында бир уул, бир кызы калды.