Жол инспекторлору кичинекей "МАИ кызматкерлерине" белек беришти (видео)

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери социалдык тармактарда жол кыймылын жөнгө салган бөбөктөргө белектерди тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Бөбөктөрдүн улуусу Алымбек учурда 7 жашта, анан иниси Адилет 5 жашта жана кошунасы Байхан 6 жашта. Бул бөбөктөр Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери бөбөктөр жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда үч кичинекей бала МАИ кызматкери болуп ойноп, жол эрежесин бузган айдоочуларды токтоткон видео тараган.

Соцтармактарда жол кыймылын жөнгө салган бөбөктөргө белектерди тапшырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан