Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин расмий иш сапары менен Москвага барды. Бул тууралуу орус жана кытай маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган. Иш сапар 20-марттан 22-мартка чейин созулат. Кытайдын төрагасы “Внуково” аэропортуна Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө конгон. Си Цзиньпинди Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Чернышенко тосуп алган.
Бүгүн, 20-мартта Орусия президенти менен Кытай төрагасынын расмий эмес жолугушуусу күтүлүүдө. Анын жыйынтыгында жаңы доордо биргелешкен өнөктөштүктү жакшыртуу жана 2030-жылга чейин орус-кытай экономикалык кызматташтыгынын негизги багыттарын өнүктүрүү боюнча эки документке кол коюу пландаштырылууда.
Кремлде эки өлкөнүн лидерлеринин расмий сүйлөшүүлөрү 21-мартта болору айтылган. Сүйлөшүү саат 15:00дө башталып, тар жана кеңейтилген составда өткөрүлөт. Жолугушууда алар Кытай Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планды талкуулашат.