Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын 3 кабаттан турган имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Белгилүү болгондой, жаңы имаратта нефрология, (жасалма бөйрөк), неврология, терапия бөлүмдөрү орун алып, 90 орунга ылайыкташкан. Имараттын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлмөкчү.
"Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарынын Темир жол көчөсүндө жайгашкан облустук "Кургак учукка каршы күрөшүү" борборунун 3 кабаттуу имаратынын курулушуна да капсула салынды. Аталган борбордун жаңы имараты 96 орунга ылайыкташып, бардык шарттары менен курулуп, ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт" дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, аталган ооруканалардын курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен каржыланат. Бул каражатка Жалал-Абад шаарында жалпы 13 ири долбоор ишке ашырылмакчы.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараев жана медицина кызматкерлери катышты.