21-март - Нооруз майрамы. Аны утурлай SUPER.KG порталы майрамдык чыгарылыш даярдады. Анда жылдыздуу айымдардан куралган "Байчечекей" жана "Көктөм кыздары" командалары ат салышып, бүйүр кызыткан таймаш тартуулашты.
Мелдеште обондуу ырлар жаңырып, улуттук, заманбап оюндар ойнотулуп, айымдардын акыйнек айтышуусу менен коштолду.
Нооруз майрамына арналган, жылдыздардын тамашалуу таймашын толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрүңүз.