Эки кызды сүзүп кете жаздаган Мерседестин айдоочусу күнөөсүн мойнуна алды

Бишкек ШИИББинин жана КРнын Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол-кайгуул кызматтарынын биргеликте иш алып баруусунун негизинде Мерседес Е280 автоунаасынын айдоочусу кармалды.

Ал 2013-жылдын 6-декабрында Бишкектеги Осмонкул көчөсүндө мектеп окуучуларын жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү жолдон өткөрбөй, катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.

Кармалган И.Зяблевге карата административдик протокол түзүлүп, унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилди. Суракта айдоочу кылган күнөөсүн моюнуна алып, “Бул окуядан кийин жол эрежесин сактайм деп ойлоп калдым” деген.

Эки кызды сүзүп кете жаздаган Мерседестин айдоочусу Игорь Зяблев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bey
2013-12-10 15:12:33
Айдоочулук куболугун алып,10 жыл машина айдоо укугунан ажыратыш керек ..
0
Gamze90
2013-12-10 15:50:02
Kudai saktasyn,
0
kg-zzzzz
2013-12-10 18:53:35
бизде закого салып айдоочуларды экзаменге киргизсе 90% айдоочу куболугунон ажырашатко дейм. баары эле окубай сатып алгандар бизде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан