Алиев от жакса, Токаев чепкен кийип… Башка өлкөлөрдө Нооруз кандай майрамдалды? (сүрөт)

Бүгүн, 21-мартта Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленип жатат. Бул майрамга карата өлкө аймактарында улуттук оюн-зооктор ойнолуп, майрамдык иш-чаралар өттү.

Алсак, борбор калаабыз Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында белгиленип жаткан салтанатка бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана президент Садыр Жапаров катышты. Анда мамлекет башчысын биринчи айым Айгүл Жапарова да коштоп келди. Жапарованын улуттук кийимге басым жасап, майрамдык иш-чарага элечек кийип келгени көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, бул достуктун, ынтымактын, биримдиктин белгиси катары майрамдала турган “улустун улуу күнү” экендигин белгиледи.

Президент куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү, Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоону улуттук эң башкы маселелердин бири экенин айтты.

"Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көзгө көрүнөрлүк иштерибиз арбын, алдыга койгон максаттарыбыз орундалып келе жатат. Ооба, чечиле турган маселелер көп. Аларды ырааты менен чечүүгө эркибиз, мүмкүнчүлүгүбүз дагы жетет", - деди Жапаров.

Мындан сырткары, Нооруз майрамы өлкөнүн башка облустарында да белгиленип, майрамдык иш-чара менен уланып жатат.

Ош облусу

Каракол шаары

Жалал-Абад облусу

Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык оюндары да өтүүдө.



Казакстандын Алматы шаарында белгиленип жаткан майрамга президент Касым-Жомарт Токаев оюу түшүрүлгөн чапан кийип келген. Ошондой эле иттердин көргөзмөсүндө өлкө башчыга "Наурыз" деген каймана аты бар күчүктү белекке беришкен.

Казакстанда Нооруз майрамы 21-марттан тарта 23-мартка дейре уланат. Бул күндөрү майрамдын урматына казакстандыктарга дээрлик 60 тонна улуттук тамак берилерин казак басылмалары жазып чыгышты.

Бүгүн Талас шаарында Манастын айкели орнотулса, коңшу Казакстандын Талдыкорган шаарында Абай Кунанбаевдин 9 метрлик эстелиги орнотулду.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Талыш аймагында майрамдык отту жагып, азербайжандыктарды куттуктаган.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавхат Мирзийоев Ташкент шаарында өзбек элин майрамы менен куттуктап, элге бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан