21-мартка караган түнү Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, чоң жолдо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол жээгинде токтоп турган экинчи унааны сүзгөн. Кырсык болгон учурда токтоп турган унаанын ичинде жүргүнчүлөр болгон. Дагы бир аял кырсык болгон учурда унаага отуруп жаткан.
Кырсыктын кесепетинен эки аял ошол жерден каза болгон. Дагы эки адам оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген.