Бүгүн, 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 875 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 273 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.