Эртең, 23-мартта Кант шаарындагы темир жол өтмөгү жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка перегонунун 3800-чакырымындагы (Советская көчөсү, Люксембург айылы) кайтарылбаган темир жол өтмөгү жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды. Айланма жол 3802 чакырым (Панфилов) боюнча жүргүзүлөт.