Нооруз майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды (фото)

Нооруз майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Нооруз майрамынан кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.

"Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды челектерге салып, шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан