Голливуд жылдызы Селена Гомес Instagram баракчасына үлпөт көйнөк кийген сүрөтүн жарыялап, талкуу жаратканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Селена Гомес аталган сүрөт "Убийство в одном здании" аталышындагы сериалдын 3-сезонун тартуу учурундагы образы экенин айткан.
Аталган тасмага ырчы айым менен чогуу тартылган актёр Мартин Шорт өзүнүн блогунда: "Селена жакын арада үлпөт көйнөгүн съёмка үчүн эмес, чыныгы той үчүн киет деген үмүттөбүз”, - деген билдирүүсүн калтырган.