Бүгүн, 22-мартта Бишкекте Жогорку Соттун имаратынын алдында колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өтүүдө.
Акциянын катышуучулары "Сот, калыс бол", "Акыйкат жана калыс чечим!" деген плакаттарды кармап турушат. Чогулгандар жана баланын жакындары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.
Бүгүн милиция кызматкерлери райондук соттун чечимине даттанганына байланыштуу соттук отурум болуп өтөт.
Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.
Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.