Чек арадагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Кечээ, 21-мартта Баткен районундагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кабарлангандай, курулушка капсуланы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев салды.

Бала бакчанын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылууда. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрында аяктайт.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ак-Сай айылындагы жаңы бүткөрүлгөн үйлөрдөн да кабар алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан