"Сак бол, досум". Си Цзиньпин менен Путиндин коштошуусу (видео)

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин коштошуу учурундагы сүйлөшкөн сөзү камерага түштү.

Орус лидери менен кол алышып жаткан Си Цзиньпин: "Азыр 100 жылдан бери болбогон өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз чогуу болсок, бул өзгөрүүлөрдү дагы алдыга жылдырабыз".

Путин Кытайдын башчысына баш ийкеп жооп берди.

"Өзүңө сак, кымбаттуу досум", - деп кошумчалады Си Цзиньпин.

Ал эми Путин ага ак жол каалады.

Кечээ, 21-мартта Кремлде Орусия менен Кытайдын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Андан соң мамлекеттик сый тамактын алкагында баарлашуу улантылды. Тараптар ар тараптуу өнөктөштүк жана экономикалык кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту.

Путин менен Си Цзиньпиндин коштошуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан