Өлкөдө бир аптада коронавирустун 29 учуру катталды

Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейинки аралыкта коронавирустун 29 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 29 адамдын 11и ооруканага жаткырылган.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылы жана 2023-жылдын 81 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 21 учуру катталды, анын ичинен 20 миң 10 (90,8 пайызы) учур лабораториялык жол менен тастыкталса, 2 миң 11и (9,2 пайызы) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан