Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты.
Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү 10 предмет боюнча таймашууда:
Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.