"Акысыз окутабыз". Ырчы Азиз Батыров "Устат-шакирт" өнөрканасын ачып жатат

Ырчы Азиз Батыров "Устат-шакирт" өнөрканасын ачып жатат. Бул тууралуу ырчы төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Буюрса, 24-мартта Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуучуларга бардык шарттары түзүлгөн "Устат-шакирт" өнөрканабызды ачабыз. Анда дастан айтуу, терме-санат ырларынан сырткары, окуучуларымдын комуз чертүү техникасын жакшыртуу үчүн күү сабагын дагы үйрөтөбүз. Ал сабакты келинчегим Максатай окутат. Бизге мектеп айлык төлөп бергендиктен окуучуларды акысыз окутабыз. Ал эми "сабактан сырткары кошумча билим алабыз" деген шакирттерибиз төлөп окушат. Учурда биздин 100дөн ашуун шакирттерибиз бар", - дейт ал.

Азиз Батыровдун айтымында, ал 2012-жылдан бери өзүнө шакирттерди ала баштаган. Ырчы мырза студент кезден комуз, дастан айтуу, элдик ырдоо боюнча "шакирт болом" дегендердин баарына өнөр үйрөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан