Эртең, 23-мартта өлкө аймагында күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, бир гана Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы бир аз төмөндөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…3, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 17…19 градус болот.
Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.