Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүнө 105 жыл. Бишкектин окуучулары аскер бөлүгү менен таанышып кайтышты (фото)

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн 105 жылдыгына арналган иш-чарага Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Иш-чарага акимдин орун басары А.Джунусова, билим берүү борборунун директору Т.Темирканова жана аскер кызматкерлери катышты.



Окуучулар аскер бөлүгүнүн тарыхы, жоокердин жашоосу, курал-жарактары, күжүрмөн техникасы менен таанышып, атайын уюштурулган эстафеталарга катышып, жыйынтыгында аскер бөлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.


Окуучуларды балдар иштери боюнча инспектор, ата-энелер жана мугалимдер коштоп жүрүштү.

Маалымат үчүн! Иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан