Баткенде заманбап медициналык лаборатория ачылды

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун ПЧР(ПЦР) лабораториясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти маалымдады.

Ага ылайык, 21-мартта өткөн ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустагы медициналык мекемелердин жетекчилери жана борбордун кызматкерлери катышты.

"Облустагы ооруканалар буга чейин коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди Ош шаарына жөнөтүшчү. Эми жаңы ачылган ПЧР(ПЦР) лабораториясында COVID-19 илдетин аныктоого болот.

ПЧР-лаборатория заманбап алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, 2-4 сааттын ичинде 90дон ашык анализди изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар" деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2021-жылы башталып, 2022-жылы аяктаган. Жалпы 30 бөлмөдөн турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан