
Бишкек шаарында 24-мартта Борбор Азия IT форуму өтөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Форумга "Amazon", "Washington University" өкүлдөрү, ошондой эле IT компаниялар жана маалыматтык технологиялар боюнча факультеттер каралган университеттер менен кызматташууга кызыкдар Япония жана Корея мамлекеттеринен келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө.
Иш-чарада эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү сессиялары болот. Ошондой эле Германия, Корея, АКШ жана Япониялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү максатында билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, ошондой эле IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгы каралган.
Уюштуруучулар - Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы, президентинин администрациясы, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы.