Социалдык тармактарда Пакистандагы болгон жер титирөөдө эфирин таштап кетпеген диктордун видеосу тарады. Ал Mashriq News телеканалынын алып баруучусу экени айтылды.
Видеодон анын артында отурган монтажер да кебелбегенин көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталганы маалымдалган. Анын күчү Пакистан менен Индияда, Кыргызстанда жана башка Борбор Азия мамлекеттеринде да сезилген.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан Ооганстанда эки, Пакистанда тогуз адам каза болду. Ал эми 44 киши жарадар болгону маалымдалган.