Голливуддун жылдыздуу түгөйлөрү актёр Дилан Спраус менен топ-модель Барбара Палвин үйлөнүшөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалым болгондой, 30 жаштагы актёр Дилан Спраус менен 29 жаштагы модель Барбара Палвин 2018-жылдан бери кыз-жигит мамилесинде. Алар 5 жылдык сүйүү мамилесинен кийин расмий түрдө үйлөнүү чечимин кабыл алышкан.
Эскерте кетсек, жылдыздардын үйлөнүүсү тууралуу алгачкы кептер "Mammoth" кинофестивалына Барбара Палвин бриллиант шакек тагынып келген күндөн тарта айтыла баштаган.