Кыргыз өкмөтү көлөмү 500 килограммдан ашкан баалуу металлдарды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды

Министрлер кабинети көлөмү 500 килограммдан ашкан баалуу металлдарды жана алардын курамындагы чийки заттарды өлкөдөн экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чечим расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Чектөөлөр алты ай бою күчүндө болот.

Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан