Өзгөндө жер көчкү түштү (сүрөт)

Өзгөн районунун К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү түштү. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, бүгүн, 22-мартта саат 05:00 чамасында болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Ал аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган.
Белгилей кетсек, жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.
Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан