
Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлүп, анын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Экинчи турда байгелер эки этапта - 1-июлда жана 30-декабрда ойнотулат. Байге фонду төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Xiaomi 11T смартфону – 1000;
- iPhone 14 — 1000;
- ноутбук — 300;
- "Дайсон" стайлери — 40;
- эки адамга Дубайга жолдомо — 6;
- электромобиль — 20;
- батир — 10.
Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
"Салык чек" тиркемесине чектерди 23-марттан тарта каттата баштасаңыз болот.