Жан Воинов Дю Солей циркинин Лас-Вегаста өтө турган шоусуна катышат

Кыргызстандык бийчи Жан Воинов Канаданын Дю Солей циркинин Лас-Вегаста өтө турган шоусуна катышат. Белгилей кетсек, аталган цирктин жетекчилиги жыл сайын ар кайсы өлкөдөгү таланттуу балдарды тандоодон өткөрөт. Анын жеңүүчүлөрү Дю Солей циркинин дүйнө мамлекеттеринде өтө турган шоулорунда өз өнөрлөрүн тартуулашат.  
Бул жылы шоуго катышуу үчүн 10 миң бала тандоого катышкан. Натыйжада Жан Воинов калыстардын баасына татып, Дю Солей циркинин Лас-Вегаста өтө турган көрсөтүүсүнө катыша турган болду.
Бул тууралуу Жандын апасы, шоувумен Ассоль Молдокматова бүгүн, 10-декабрда билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан