Бишкекте кайсы жолдор оңдолуп жатат? Мэриянын билдирүүсү

Бишкекте жолдор оңдолууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп түзөө иштери башталды. Алсак, Ахунбаев көчөсү 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейин, чуңкурларды оңдоо жолу менен кемчиликтерди жоюуда.

Жол белгилерин белгилөөчү экипаж участоктордо иштейт:

- Гагарин көчөсүнөн Ш.Руставели көчөсүнө чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси, резиденциядан баштап, Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
- Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилиши.

Жаракаларды толтуруу боюнча бригада Алыкулов көчөсү менен Селекция көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан