"23.03.23 деген кооз датада жеке концертимди бергим келген". Ырчы Кудайберди Айтбосунов 29 жашка чыкты

Бүгүн, 23-мартта кыргыз эстрада ырчысы Кудайберди Айтбосунов 29 жашка чыкты. Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап, маанайын билүү үчүн байланышка чыктык.

"Туулган күнүм уулумду бала бакчага алып баруу менен башталды. Негизи бүгүн 23.03.2023 деген кооз датада жеке концертимди бергим келген. Бирок Орозого туш болуп, күзгө жылдырдым.

Биринчи эле келинчегим куттуктады. Андан кийин апам, бир туугандарым, досторум куттукташты. Мурун жыл сайын туулган күнүмдү өткөрчүмүн. Быйыл болсо досторумду ооз ачууга чакырайын деп чечтим", - дейт ал.

Ырчы Кудайберди Айтбосунов 1994-жылы 23-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Курбу айылында туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдан виолончель жана пианинодон сабак алып, кийинчерээк гана ырдаганга кызыгуусу арта баштаган.

Ырчы мырза 2019-жылы Айчүрөк аттуу кызга баш кошуп, 2021-жылы уулдуу, 2023-жылы кыздуу болушкан.

Кудайберди Айтбосуновдун репертуарында "Лейли", "Таптым", "Сага", "Айта албайм", "Ак таңым" аталышындагы ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан