Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Ага ылайык, тийиштүү адистерден турган комиссиялык топ шаардын борбордук көчөлөрүндөгү мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурган.
Анын жүрүшүндө Нагима Айтматова көчөсүндө 20га чукул мамлекеттик тилде жазылбаган, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар жеринде алынып, менчик ээлерине эскертүүлөр берилди.